Эмил Жамгырчиев УКМКнын издөө жарыялаганы боюнча: «Ага да рахмат. Бул алардын милдети»

Бир адам жок болуп кетсе, аны издеш алардын милдети. Бул тууралуу депутат Эмил Жамгычиев УКМКнын издөө жарыялаганы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

«Ага да ыраазычылык айтыш керек»,- деди ал.

Ал ошондой эле анын унаасынан жана үйүнөн тыңшоочу аппарат чыкканы тууралуу үн катты. «Бул боюнча УКМК тарабынан иш козголгон. Азыр тергөө жүрүп жатат. Алар табылган, бирок канчалык деңгээлде жазган жана ким койгон азырынча белгисиз»,- деди ал.

Бүгүн, 11-январда депутат Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Өткөн жылдын ноябрь айында кыргыз-казак чек арасынан аны өткөрбөй коюшкандыгы маалымдалып, кийин атасынын оорусуна байланыштуу депутат эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылган. 26-декабрда УКМКдан депутаттын өлкөнүн аймагында эместигин жана анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга атайын кызматка билдирип коюуну өтүнүшкөн.