Бишкек шаарында 2025-жылга 7 негизги көчөнү оңдоо пландалып, 3 жаңы жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.
Жалпы узундугу 15,3 чакырымды түзгөн 7 көчөнү реабилитациялоо пландалууда.
Алар:
- Шабдан Баатыр (Чүй) көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,7 км);
- Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин (3,2 км);
- Жибек Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,8 км);
- Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (1,9 км);
- Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (3,2 км);
- Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин (1 км);
- Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин (2,5 км).
Мындан тышкары, 10,5 чакырымды түзгөн 3 жолду реконструкциялоо иштери жүрөт.
Алар:
- Сухэ-Батор көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Ауэзов көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
«Бул көчөлөрдө жолдор оңдолуу менен бирге көпүрөлөр да курулат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, эгер макулдашсак улантабыз», — дейт шаар мэри маегинде.