Abank_june
SerepTV Logo

Эмне үчүн бир линиянын бузулушу көп сандагы керектөөчүлөргө таасир этти? Энергетика министрлигинин жообу

Эмне үчүн бир линиянын бузулушу көп сандагы керектөөчүлөргө таасир этти? Энергетика министрлигинин жообу
6-июнда 110 кВ «Парковая» – «Ала-Арча» электр берүү линиясындагы №23 жана №24 таянычтардын ортосундагы аба чубалгысы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аракетинен үзүлүп, анын кесепетинен Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

28-майда аталган курулуш объектисинин өкүлдөрүнө электр тармактарынын корук зонасында иштерди жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгы тууралуу расмий эскертүү тапшырылган. Билдирүүдө электр берүүчү линиялардын жанында атайын техникаларды пайдаланууда белгиленген коопсуз аралыкты сактоо жана энергообъекттерге зыян келтирүүгө жол бербөө талаптары көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, берилген эскертүүгө карабастан коопсуздук талаптары сакталбай, натыйжада жогорку чыңалуудагы электр берүүчү линия жабыркап, авариялык кырдаал жаралды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электр тармактарына зыян келтирген күнөөлүү тарап келтирилген материалдык чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат жана чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү. Учурда бул факты боюнча тиешелүү материалдар укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлөт.

Социалдык тармактарда бир эле линиянын бузулушу эмне үчүн көп сандагы абоненттердин электр энергиясыз калышына алып келгени тууралуу суроолор жаралууда. 110 кВ «Парковая» – «Ала-Арча» электр берүү линиясы Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо тутумундагы негизги магистралдык линиялардын бири болуп саналат. Бул линия аркылуу электр энергиясы ири көмөкчү чордондорго жеткирилип, борбор калаанын олуттуу бөлүгүнүн электр менен камсыздалышы камсыздалат. Магистралдык жогорку чыңалуудагы линия авариялык өчкөн учурда энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыздоо жана андан да ири авариялардын алдын алуу үчүн релейлик коргоо жана автоматика каражаттары ишке кирет. Ошондуктан керектөөчүлөрдүн айрым бөлүгү авариялык-калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин убактылуу электр энергиясынан ажыратылышы мүмкүн.

Учурда энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, электр менен камсыздоонун ишенимдүү схемасын калыбына келтирүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.

Электр тармактарынын коопсуздугу — жалпы жоопкерчилик. Бардык курулуш уюмдарын, атайын техникалардын айдоочуларын жана жооптуу кызматкерлерди электр тармактарынын корук зоналарындагы коопсуздук талаптарын так сактоого чакырабыз. Электр тармактарына зыян келтирүү миңдеген керектөөчүлөрдүн жарыксыз калышына, ири материалдык чыгымдарга жана адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.