Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Эң кенжебиз болчу». Ысык-Көлдө чөгүп каза болгон 14 жаштагы кыздын эжеси нааразычылыгын айтты

11:38 09.08.2023
0
«Эң кенжебиз болчу». Ысык-Көлдө чөгүп каза болгон 14 жаштагы кыздын эжеси нааразычылыгын айтты

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борбордо 2 кыз чөгүп, бирөөсү каза болгонун жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБ менен байланышканыбызда, окуя «Алтын Балалык» борборунун жанындагы пляжда болгонун билдиришти. «5-августта Ысык-Көл РИИБге Тез жардам кызматынан «Алтын Балалык» эс алуу үйүнүн жанында жайгашкан пляжга эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу ошол күнү нарындык 14 жаштагы 2 кыздын көлгө чөккөнүн, дарыгерлер сууга чөгүп кеткен кыздардын бирин аман алып калышып, ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деген. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгон 14 жаштагы Айзада Кылычбекованын бир тууган эжеси кайрылып, «Алтын Балалык» реабилитациялык борборго нааразачылыгын билдирди. «Айзада быйыл 8-класска көчмөк. Нарындагы Миң-Куш айылындагы уран калдыктарына байланыштуу айылдагы 200дөн ашык баланы эс алдыруу үчүн көлгө алып кетишкен. Эртеси күнү эле көлгө чөгүп каза болгонун айтышты. Менин кызым, 10-класска көчкөн иним да ошол жерде болчу. Кызым мага телефон чалып, Айзада чөгүп кеткенин айтты. Окуя саат 11де болгон экен, бизге кабарды 14:00 чамасында айтышты. Сууга чөккөн жер тайыз эле экен, куткаруучулар жок болгон окшойт. Вожатыйлардан спирт жыттанып турду. Бизге сөөктү соёбуз дешти, биз ага каршы болуп, тосмо арыз жазып бердик. Өлүккананын ичи да жылуу болгондуктан кечке күтүп, сөөктү алып кеткенбиз. Айзада 5 бир туугандын эң кенжеси болчу. Атабыз бир жыл мурда каза болуп калган. Азыр апамдын акыбалын сөз менен жеткирип айта албайм», — деди бир тууганы.

Редакция «Алтын Балалык» реабилитациялык борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышканыбызда, нааразычылыкка төмөндөгүдөй жооп берди. «Ал күнү борбордо иш-чара өтүп жаткан. Көлдө толкун болуп жатканынан, сууга түшүүгө тыюу салганбыз. Ошол учурда баарыбыз, мен дагы, орун басарым, куткаруучулар, милиция ошол жерде болчу. Сууга 4 кыз чөккөн экен. Ары жакта жергиликтүүлөр түшүп жаткан жерге барып, түшүп жатышкан экен. Бир маалда эле алар кыйкырып, кыздардын чөгүп жатканын айтышты. Барып, 3 кызды алып чыгып, төртүнчүсү да бар экенин кийин билдик. 3 кызга биринчи жардам көрсөттүк. Вожатыйлардын мас экенин көргөн, билген да жокмун. Биз кыздарды куткаруу менен алек болуп жүрдүк. Эртең мененки саат 10до болушу мүмкүн эмес. Мен азыр дагы муну айттым, алар таң калып жатышат. Мен 35 жылдан бери медицина тармагында иштейм, каза болгон адамдын жакындарына кантип, кайсы учурда угузуу керектигин билем. Этикага салып угуздук. Туугандарына көлдө чөккөн жерин көрсөттүк. Алар доосу жок экенин айтышты», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
1

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:40 15.04.2026
0

Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча директорго катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 15.04.2026
0

Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:32 15.04.2026
0

13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:52 14.04.2026
0

1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

09:13 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

1
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026
Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

16:10 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү