Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жыл сайын 600гө жакын ара төрөлгөн ымыркайлар жарык дүйнөгө келет
17-ноябрь – Ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү. Бул күн эң кичинекей бейтаптарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эске салып, Кыргызстанда неонатологиялык кызматтын өнүгүүсү тууралуу маалымат берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.
Акыркы жылдары өлкөдө ара төрөлгөн ымыркайларды багуу шарттары кыйла жакшырды. Төрөт стационарлары заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, жаңы дарылоо ыкмалары, анын ичинде убагынан өтө эрте төрөлгөн балдардын дем алуусун колдоо үчүн зарыл болгон сурфактант менен алмаштыруучу терапия киргизилүүдө. Медицина кызматкерлери реанимациянын, респиратордук колдоонун жана интенсивдүү терапиянын заманбап ыкмалары боюнча окуудан өтүшүүдө.
Медицинанын мүмкүнчүлүктөрү канчалык өзгөргөнүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунун ишинин жыйынтыктары айгинелейт. Бул жерде жыл сайын 5 миңге жакын бала төрөлөт, алардын 600гө жакыны ара төрөлгөн ымыркайлар. Болжол менен 100 ымыркайдын төрөлгөндөгү салмагы өтө төмөн – 1500 граммдан аз болсо, дагы 50гө жакынынын салмагы 1000 граммдан төмөн, башкача айтканда, өтө аз салмак менен төрөлөт.