Abank_nov
SerepTV Logo

Милиция Кара-Сууда базар соодагерлеринин митинги боюнча текшерүү иштерин баштады

Милиция Кара-Сууда базар соодагерлеринин митинги боюнча текшерүү иштерин баштады
 
18-ноябрда Кара-Суу шаарындагы «Туратали» борбордук базарында иштеген соодагерлер Кара-Суу райадминистрацияга чогулуп келишип, ижара акысын азайтууга байланыштуу өз сунуштарын билдиришкен. Бул факты Кара-Суу РИИБге каттого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда аталган маселе тиешелүү жетекчилерге жеткирилип, аны жөнгө салуу боюнча сунуштар каралууда.
Базар администрациясынын маалыматына ылайык, айтылган сунуштар жана пикирлер каралып, чечим кабыл алынат. Окуя болгон жерде Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жарандарга коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ош ОИИБ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана окуяларга байланыштуу маалыматтарды расмий булактардан алууга чакырат.
SEREP MEDIA