Министр: «Түркмөнстандан токту Жаңы жылга чейин алууну сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү күндө аны «жеп» койдук»

Түркмөнстандан саатына 500 миллион киловатты Жаңы жылга чейин алууну сүйлөшкөнбүз. Ошону биз бүгүнкү күндө «жеп» койдук. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Ал мындан тышкары, электр энергияны үнөмдөөгө чакырды. «Ал жактан алып келген электр энергия жөн эле кетип калды да. Өзүбүздүн шалаакылыгыбыздан. Күндүз жарыкты күйгүзүп коёбуз. Көчөдөгү жарыктандыруу эртең менен өчпөйт. Ошондуктан элди электр энергияны үнөмдөөгө чакырып кетет элем. Кышында оор болуп калбаш үчүн үнөмдөө керек. Биз электр энергияны таап келип атабыз, ошону барктабай жатабыз», — деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун июнь айында Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапары учурунда Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашылган. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан тарта ушул жылдын декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 501,9 миллион кВт/саат электр энергиясын берет.