Энергетика министрлиги 20-февралда Токтогул гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) №3 гидроагрегат реконструкцияга берилип, 300 мВт кубаттуулук азайганын билдирди.
10-мартта Үч-Коргон ГЭСинин да бир гидроагрегаты реконструкцияга берилсе дагы 45 мВт кыскарарын билдирип, элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт.
«Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы, №2 агрегат 2023-жылы жана №1 агрегат 2024-жылы оңдоодон өткөн. ГЭСте реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт деп пландалган. Кошумча 240 мВт кубаттуулук кошулат. Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөөдөн кийин 9 мВтка көбөйөт», — деп айтылат маалыматта.
Энергетика министрлиги калкты таңкы саат 7:00-9:00 чейин, кечкисин 18:00-21:00гө чейин электр энергиясын үнөмдөп турууга чакырды.