Энергетика министрлиги: Өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө
Энергетика министрлиги ички рыноктогу күйүүчү-майлоочу (КММ) материалдардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, өлкө калкын жана экономиканын бардык тармактарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдө. Учурда республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запастары түзүлгөн. Өлкөгө КММ жеткирүүлөр мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу түрдө ишке ашырылып, камсыздоо процесси тынымсыз көзөмөлдө кармалууда.
Белгиленгендей, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттойт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизүүдө. Ошол эле учурда Министрлер кабинети жана Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рынокту туруктуу күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында ыкчам чараларды көрүп келет.
Камсыздоонун туруктуулугун сактоо максатында Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Беларусь Республикасы, Азербайжан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Түркмөнстандагы компетенттүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул алкакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна жана «Кыргызнефтегаз» ишканасына иш сапар менен барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, технологиялык процесстери жана продукциянын сапаты менен таанышышты. Иш сапарлардын жүрүшүндө президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, ошондой эле энергетика министри Алтынбек Рысбеков да аталган ишканаларга барып, жеринде өндүрүш процесси менен таанышышты. Иш сапарлардын жыйынтыгында ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу максатында өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, технологиялык процесстерди оптималдаштыруу жана ишканалардын ишин жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, ички рыноктогу баа кырдаалы тынымсыз көзөмөлдөнүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, нефтетрейдерлер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, жеткирүү, бааларды коюу, логистика жана товардык запастарды калыптандыруу маселелерин кароодо жана рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.
Энергетика министрлиги өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана алардын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоо боюнча иштер пландуу түрдө уланып жатканын белгилейт. Абал мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүндө.