Abank july
SerepTV Logo

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Маалыматка ылайык, JAC-T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON-388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КАМАЗ-43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC-N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа тапшырылган.