Эртең, 29-апрелде саат 09:00дөн 00:00гө чейин Красный строитель конушунда жана Красный строитель шаарчасында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү району:
• Киргизская көчөсү — Саадаев көчөсү — Бельская көчөсү — Сары-Челек көчөсү — Бухарская көчөсү — Киргизская көчөсү.
Өчүрүү Саадаев жана Киргизская көчөлөрүнүн боюнча диаметри 300 мм болгон суу өткөрмөдөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.