Эртең, 17-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат.
“Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.