Эртең, 18-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ичүүчү сууну өчүрүү «Жеңиш» суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.