Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу 8-январда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.