Эртең, 7-майда оңдоо иштери аяктагандан кийин Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ошол эле учурда жогоруда аталган тилкенин түндүк тарабы жабылат. Түштүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.