23-сентябрь күнү жана 24-сентябрга караган түнү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт, тоо кыркаларында кар түшөт.
«Кыргызгидрометтин» маалыматына ылайык, абанын температурасы төмөндөйт. 23-24-сентябрь аралыгында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында сел жүрүү коркунучу бар.











