Эртең, 8-декабрда күндүз жана 9-10-декабрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн. Жолдор тайгак болот.
10-11-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз -4 сууктан…+1° градуска чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -7…-12°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -28…-33°, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.