Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Ысык-Көл районундагы бир катар пансионаттар менен эс алуу жайларын кыдырып чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө президенттин «Пляж аймактарына кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгынын аткарылышы өзгөчө көңүл борборунда болду, анткени ал жарандардын жээкке мыйзамдуу жана эркин жетүү укугун камсыз кылууга багытталган.
Өкүл пансионаттарда көрсөтүлүп жаткан кызматтар, санитардык тазалык, куткаруучулардын ишин уюштуруу, суу скутерлери үчүн техникалык зоналардын жайгашуусу, пирстерге жана жээкке акысыз өтүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча жеринде баам салып, айрым кемчиликтерге катуу сын айтты.
«Эс алуучу — кардар эмес, бул жердин ээси. Анын укугу тебеленбеши керек!» — деген ал.








