Акча талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мектептерде республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарын чыгымдоо боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөндүгү аныкталды.
Ошол эле учурда ал материалдык пайда алуу максатында Ысык-Ата районунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринен текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жашырып, оң аудитордук корутунду чыгаргандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып, 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.