26-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй проспектиси — Гоголь көчөсү — Огонбаев көчөсү — Осмонкул көчөсү.
Суу берүү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.









