Биздин бул жолку каармандарыбыз үч кыздын ата-энеси Мунара Тиларова жана Турсунбай Пуматов. «Балачагымдан эле көрүнгөн адамга жалданып иштеп келем. Акымды бербей, мени карыз кылып койгондор көп болду» деп бири айтса, анда экинчиси ачкалыктан иттин этин жеген күндөр болгонун, кээде нан да калбай, балдары үчүн кошуналардан бир кесе тамак сурап кайрыларын айтып ыйлады.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: МБанк: 0500 40 22 88
СБЕРБАНК: +7 980 3951721, 5228 6005 9319 8155 (Улукбек).
«Жалал-Абаддан келгенбиз. 2 жылдан бери бирөөнүн малын багып жатабыз. 3 балам бар. Жолдошум бизди эптеп багат. Турмушка чыга электе да көп кыйынчылык көрдүм. Иттин этин жедим. Аны билген эмеспиз. Бизге эжем берчү. Ачкалыктан ушундай жолго барчу. Эт көрө элек жаныбыз, «эт алып келдим» десе жей берчүбүз. Жолдошум менен сүйлөшүп жүрчүбүз. Мага турмушка чыгуу сунушун киргизип, баш кошконбуз. Турмушка чыккан соң ошол эле жашоо башталды. Бирок таап келип жатат. Ошого да шүгүр»,- деди аял.