Социалдык тармактарда автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жок болгондугу үчүн айып салуу мөөнөтү жылдырылганы тууралуу жалган маалымат таралып жатканын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ОСАГО жок болгондугу үчүн айыпты узартуу же кийинкиге калтыруу боюнча эч кандай чечимдер кабыл алынган эмес. 2025-жылдын 1-июлунан тартып айып толугу менен күчүнө кирет.
«Камсыздандыруу полиси жок болгондугу үчүн айыптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1999-жылдын 4-августундагы № 421 «Жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражаттарын эксплуатацияга киргизүүнүн негизги жоболорун жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык колдонулат»,- деп айтылат маалыматта.












