Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Бүгүнкү күндө Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки тилкеде асфальт жана траншеяларды демонтаждоо иштери аяктады. Учурда эскилерин демонтаждоо жана жаңы арык, түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат. Тармактын узундугу 1600 метр иш түтүктүн диаметрин 700 ммден 900 ммге чейин көбөйтүү менен жүргүзүлүүдө. Мэр «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасына иштин темпин күчөтүүнү жана кошумча эмгек ресурстарын тартууну тапшырды. Өз кезегинде райондордун акимдерине жылуулук тармагын реконструкциялоону күн сайын көзөмөлгө алуу милдети коюлду.











