Ушул жылдын 2-апрелинде SUPERTV телеканалында “Күйөөм тамеки чеге коюп, унаанын газы жарылып, күйүп кеттик” деген материал жарык көргөн. Арадан көп өтпөй, биз каарманыбыз Ырысгүл Съездбек кызынан кабар алып, ага белек-бечкегин тапшырат элем дегендерге жолуктуруп, сулуулап, шопинг кылып, келдик.
- «Тойдон чыкканбыз. Экөөбүз эле болчубуз. Газ жыттанып жаткан. Күйөө тамеки чегем деп, зажигалка күйгүзгөндө өрт чыгып кетти. Чыгалбай калдык. Унаанын эшиги бекилип калды. Мен тараптагы эшикти тээп ачты. 2-3 унаа токтоп калыптыр. Аларга барып, «курткамды чечип койгулачы» десем, урушуп коюшту. Биринчи жардам алганы өзүбүз бардык. Ооруканада 2 айдай жаттым. Жолдошум 10 күндө эле жакшы болду. Аябай кыйналдым. Эки баламды ойлодум. Ооруканадан чыккан соң, элге көрүнгүм келбей жүрдүм. Жолдошум башында жакшы болчу, кийин өзгөрүп кетти. Жолдошумду жаңы жылдын алдында кармадым. Өз көзүм менен көрдүм. Ошондо түңүлдүм. Ал менин жакын адамым менен жүрүп кетти. Ал адамды жашоомдон чийип койгом», — деген ал.