Кечээ, 6-августта мамлекеттик катчы, мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Марат Иманкулов композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 1-этаптын жыйынтыгы менен тандалып алынган мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин 5 мыкты долбооруна музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыялангандыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бул сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, ошондой эле музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар жана башка уюмдар – курамы 5 адамдан ашпаган топтор катыша алаары белгиленди. Жолугушуунун катышуучулары өздөрүнүн суроолорун узатып, конкурстун 2-этабына коюлган талаптар жана уюштурууга тиешелүү маселелерди кызуу талкуулашты.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:
➢ Музыкалык чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш-алып жүрүүчүдө);
➢ Гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;
➢ Гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө;
➢ Ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.
Сынактын 2-этабына катышуу үчүн жарандар долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78. Ал эми электрондук варианттары төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: gimn.2025@minculture.gov.kg
Сынактын 2-этабы тууралуу Жобо жана катышуу үчүн тапшырылуучу документтердин формалары тиркелет.