Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков Анкара көчөсүндө жайгашкан «Глобус» супермаркетинде эттин баасы 800 сомдон жогору көтөрүлүп кеткенин аныктаган.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул аймакта эт сатуучу түйүндөр иштеп келген. Ал соода түйүндөр бузулганына байланыштуу супермаркетте этке болгон баанын кескин көтөрүлүп кеткенине тургундар нааразы болушкан. Аталган факты боюнча тиешелүү кызматтар протокол түзгөн.
Эскерте кетсек, 11-августтан баштап этке болгон баа 90 күнгө көзөмөлгө алынган. Анын баасы 700 сомдон ашпашы керек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











