Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте хирург Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Акрамов 26-ноябрда 89 жашында каза болгон. Ал 1936-жылы 24-июнда Фрунзеде туулган.
Эмгек жолун 1960-жылы Фрунзе шаарындагы 2-шаардык клиникалык ооруканада хирург болуп иштөөдөн баштаган.
1992-жылдан азыркы учурга чейин — Чүй облустук бириккен ооруканасынын жалпы жана реконструктивдүү хирургия бөлүмүнүн башчысы, Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.