Бүгүн, 9-октябрда ИИМ кылмышка шектелген жигиттин жаңы видеосун жарыялады. Анда шектүү айтып жаткан эки бычактын сүрөтү, үйдөгү абал, маркумдун унаасы көрсөтүлдү. ИИМдин маалымат кызматы жигит уурулукка кирип, бирок үй ээлери ойгонуп кеткендиктен аларга кол салганын айтты.
Видеодо ошондой эле жигитти Ак-Ордодон алып кеткен таксисттин комментарийи бар. Ал шектүү Гагарин — Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинен түшүп калганын билдирди.











