Abank_oct
SerepTV Logo

ИИМ: «Бишкек Аренанын» ачылыш күнүндө коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат

ИИМ: «Бишкек Аренанын» ачылыш күнүндө коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат
 
5-октябрда жаңы «Бишкек Аренанын» расмий ачылыш аземи өтөт. Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусунда масштабдуу концерттик программа даярдалды.

Көрүүчүлөрдүн көп келиши жана «Бишкек Аренанын» аймагындагы транспорттук жүктөмдүн жогору болушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Бул максатта 5 миң милиция кызматкери тартылат. Аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келген көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустардын жүрүүсүнө уруксат берилет.

Ички иштер министрлиги жарандарга маршрутун чектөөлөрдү эске алуу менен алдын ала мерчемдеп, милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууну жана каралган коомдук транспортторду пайдаланууну сунуштайт. Мындан тышкары, 5-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт. Көрүлүп жаткан чаралар «Бишкек Аренанын» ачылыш аземи өтүп жаткан учурда коомдук тартипти камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун эркин жүрүп-туруусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
SEREP MEDIA