Жаныш Бакиев Кыргызстанда жүрөт деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Жаныш Бакиевдин сүрөтү тараган эле. Аны Бишкекте же Жалал-Абадда тартылган деген жоромолдор айтылган.
ИИМдин басма сөз кызматы Жаныш Бакиевдин Кыргызстанда жүргөнү тууралуу маалыматты четке кагып, аны фейк деп атады.
ИИМдин берген маалыматына ылайык, сүрөт Минск шаарында тартылган.