Социалдык тармактарда Канттагы саунада тартылган деген видео тараган. Видеодо автор «ИИМдин кызматкери сойкуканада эмне кылып жүрөт?» деп суроо салган.
Чүй ОИИБден окуя 9-майда Ысык-Ата районунун аймагында болгонун билдиришти. «Кызматтык текшерүү башталды. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз», — дешти облустук милициядан.