ИИМдин башкармалыктарынын жетекчилик курамына ротацияга байланыштуу жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды;
Ошол эле буйруктун негизинде, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы болуп дайындалды.