Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна жана ракета соккуларын кошо камтыган аскердик аракеттер тууралуу кабарларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге баруудан карманууну сунуштады
«Пакистанда же Индияда жүргөн Кыргыз жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.
Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген», — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаал же шашылыш жагдайлар пайда болгон учурда, жарандар Кыргыз Республикасынын төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тез арада кайрылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: (+91) 9599921779;
- Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: +92 330 3717 771.