Социалдык тармактарда эркек кишинин итти атка сүйрөткөн жарандын видеосу тарады. Коомчулук аны мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылууда.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул факты Өзгөн РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Алардын жыйынтыгы менен окуяга катышкандардын бардыгынын аракеттери боюнча мыйзамдуу чечим чыгарылат.












