Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам бүгүн, 10-февралдан тартып күчүнө кирет.
Эми мазактоо жана жалаа жабууга байланыштуу арыздарды Ички иштер министрлиги кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.