Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу боюнча ипотекага үй алган адам каражатты 3 ай төлөбөсө, келишим жокко чыгарылып, батир мамлекетке алынат. Бул тууралуу компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 10-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйын учурунда айтты.
“Акчаны эмне себептеп төлөй албай калды, ага эмне таасир этти, 90 күндүн ичинде кардар менен иш алып барабыз. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Кардар төлөмдү өткөрүп жиберсе, ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбайт”, — деди ал.