Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү “кокуй жыш жайгашыптыр, кумурсканын уюгундай болуп калыптыр” деп сынга алгандарга жооп берди.
«Япониядагы жыш жайгашкан үйлөрдүн видеосун жүктөп койдум, салыштырып көрүңүздөр. Бизде биринчиден стандарттар, нормалар сакталууда. Ар бир курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн парковкалары бар. Келечекте элибиздин саны дагы өсөт, жер болсо чоңойбойт, кеңейбейт. Андыктан жер тилкесин азыртадан үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Жерди сарамжалсыз пайдаланып, аянтты ашкере ээлеп курсак, ал келечекте жер тартыштыгын гана жаратат. Андыктан, сын-пикирлер дагы жөндүү айтылса дейт элем», — деди ал.











