Ирактын Эль-Кут шаарындагы соода борбордо өрт чыкты. INA агенттигинин маалыматына караганда, 63 адам каза болуп, 40 адам жаракат алган.
Васит провинциясынын губернатору үч күндүк аза күтүү жарыялады. «Биз шектүү жагдайларда болгон бул окуяга түздөн-түз же кыйыр түрдө күнөөлүү болгондорго жумшак мамиле кылбайбыз»,- деген ал.
Учурда имараттын ээсине, гипермаркеттин ээсине жана башка адамдарга кылмыш иши козголду.











