Бишкектеги Панфилов сейил багында иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыздын окуясынан кийин шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 1-июнга чейин үй камагында болот.
31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.