Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова Баткенге барды
Бүгүн, 6-июлда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова жана анын небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келди. Аларды Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баш болгон жергиликтүү жетекчилер тосуп алды.
Эльмира Раззакова жана жетекчилер алгач И.Раззаков туулуп өскөн Коросон айылына жана анын күмбөзүнө барып куран окуп бата кылышат. Бул күндөрү Эльмира Раззакова Раззаков шаарындагы Исхак Раззаковдун музейлер комплекси менен таанышуусу да пландалган. Ошондой эле Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын, Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер менен жолугушаары күтүлүүдө.
Эльмира Раззакованын Баткен облусуна болгон сапарын Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев колдоого алып, коштоп келген.