Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы арыктардын көрүнүшү тартылган видео менен бөлүштү.
Мэрия кызматкерлери жерге ташталган таштанды арыкка үйүлүп, суу жүрбөй, жолго агып чыкканын билдиришти. Видеодогу киши иттин өлүгү да тыгылып калганын айтат.
Шаар бийлиги тургундарды тазалыкты сактоого чакырды.