Эртең, 14-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда катуу жаан-чачын болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -3…+2;
Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +2…+7;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз -1…+1 градус болот.