Жактоочу: “Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды”

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын 16-августтагы токтому менен Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Тергөө ушундай тыянакка келген себеби, COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеш менен макулдашуу менен Министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.

Ошондой эле, Кыргызстанда COVID-19 вакциналарына «Жеткиликтүү жана адилеттүү камсыз кылууга багытталган COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 миллион 454 миң АКШ доллар өлчөмүндө орду толтурулган. Ошентип, Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу”,— деп жазды ал.