УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармаганы кабарланды.
Адвокат Матцаков кармалганын “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында жазды. Укук коргоочу Матцаков 29-ноябрда кармалып, үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.
УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Маалыматтарга караганда, ага алдамчылык беренеси менен иш козголгон.