«Жакында эле 12 жаштагы эркек баланы зордуктап коюшуптур». Акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып эмне үчүн индивидуалдык кейстерге да көңүл буруу керектигин айтып берди.
«Бизге индивидуалдык кейстер менен иш алып барбай, системдүү иш алып баргыла деп жатышат. Системдүү деген өзү эмне? Мына, жакында эле 12 жаштагы эркек баланы зордуктап коюшуптур. Андан тышкары, чоң эркек кишини зордуктап коюшканы тууралуу маалымат да ачыкка чыгып кетти. Акыйкатчы институту бир гана жабырлануучулардан арыз күтпөй, биз өзүбүз да жалпыга маалымдоо каражаттарын, соцтармакты мониторинг кылып, байланышка чыгып, арыз бергиле дейбиз», — деди Атыр Абдрахматова.