Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков заманбап медициналык технологиялар көргөзмөсүнө катышты.
«Көргөзмөдө көрсөтүлгөн жаңы технологиялар ар түрдүүлүгү жана инновациялуулугу менен таң калтырды. Кытайда 100 000ден ашуун жогорку квалификациялуу ортопеддер жана травматологдор иштейт, ал эми медициналык тармак күндөн-күнгө өнүгүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Айрыкча көңүл роботтоштурулган хирургиялык технологияларга бурулду. Кытайда татаал операцияларды жүргүзүүгө жөндөмдүү робот-хирургдарды чыгарган 9 завод иштейт. Академик Жумабеков алардын иштөөсүн жеке көз менен көрүп, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин изилдеп, көрсөтмөлөргө катышты.
Эгерде бардыгы ийгиликтүү ишке ашса, жакынкы келечекте Кыргызстанда алгачкы робот-хирургдар ишке киришип, бул биздин медицина үчүн чоң кадам болот.
«Кабар агенттиги» Сабырбек Жумабековго шилтеме берүү менен жакында Кыргызстанда робот-хирургдар операция жасай баштарын жазды.