Бишкек ЖЭБдеги болгон окуяга байланыштуу тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
«Президент Садыр Жапаров жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин курамын чогултуп, борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.
Кырсык учурунда жараат алган 5 адамдын үчөө дарыгерлердин көзөмөлүндө, экөөнүн жарааты жеңил болгондуктан үйүнө жиберилген. Жабыркагандардын ден соолугуна кам көрүү чараларын күчөтүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине тапшырма берилди.
ЖЭБден чыккан жылуулуктун температурасынын көрсөткүчү акырындап жогорулап бара жатканы маалым болду. Басым жогорулатылгандан кийин, 3 насостук станцияда насостор ишке киргизилди. Абал калыбына түшүп келе жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери боюнча иликтөө жүрүп жатат, жыйынтыгы тууралуу маалымдайбыз. Ал эми, абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук кылган шаардын тургундарына ыраазычылык билдиребиз. Жакынкы аралыктарда жылуулук жана ысык суу берүү ордуна келет», — деп жазды ал.