Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, 19-майдан 1-сентябрга чейин шаар аймагында салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди.
Маалыматка караганда, чектөө абанын температурасы +28 градустан жогору болгон мезгилдерде, саат 10:00дөн 20:00гө чейин киргизилет.
Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:
— гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
— Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу,
— оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган техникаларга.









