Бүгүн, 23-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад мэриясынын, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулушунан кабар алды. Анда курулушту сапаттуу жана тез бүткөрүү, жаңы имараттын айланасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берилди.
Жалал-Абадда жаңы филармония салынат. Ага эки гектардан ашык жер бөлүнүп, курулушту баштоого даярдыктар жүрүүдө. Мындан тышкары, УКМК төрагасы филармониянын жанына жаңы музей салууга жер бөлүп берүү тапшырмасын койду. Алдыда Жалал-Абад шаарынын ичиндеги бардык базарлар, унаа оңдоочу жана тейлөөчү жайлар шаар сыртына чыгарылат. Ал эми Түмөнбай Байзаков проспектиси кеңейтилип, шаар ичи толугу менен иретке келтирилет.
Камчыбек Ташиев “Жеңиш” паркындагы курулуш иштеринен кабар алды. Сейил бакты эл эс ала тургандай жайлуу, коопсуз кылып салууну жана сапатына көңүл бурууну эскертти. Аны менен катар парктагы согуш окуяларынын жана тарыхый инсандардын эстелиги үчүн өзүнчө жай уюштурууну тапшырды.
Камчыбек Ташиев чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандар мекенге келип, ишкердик баштаса бийлик тарабынан колдоого алынаарын белгиледи.