Жалал-Абад шаарында 27-июнь күнү массалык уулануу катталган. Мындан улам бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаттары, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте тез татым жайларынын санитардык абалын текшерди. Анда шаардагы бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбаганы белгилүү болду. Алардын арасынан 4 жайга кызматкерлердин санитардык китепчелери жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегендиктен 3000 сомдон 7500 сомго чейин айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты
Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...












